13.08.2019 18:47

Алмазбек Атамбаевдин уулу «Сентябрь» телеканалын ким жапканын айтты

Алмазбек Атамбаевдин уулу «Сентябрь» телеканалын ким жапканын айтты

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр «Новые лица» гезитине берген маегинде  «Апрель» телеканалынын жабылышы боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, учурда каналдын жабылышын «Сентябрь» телеканалынын жабылышына окшоштуруп, бумеранг таасири тууралуу айткандар болууда.

Кадыр Атамбаев «Сентябрь» телеканалынын жабылышына депутат Асылбек Жээнбековдун тиешеси бар экенин билдирди. «Ал каналдын үстүнөн «жалаа жаап жатат» деп арызданган. Силер такыр башка адамдарды желмогуз көрүп жатасыңар», — деди ал. 

«Сентябрь» телеканалынын мурунку башкы директору Кайыргүл Урумканова 24.kg агенттигине телеканалдын жабылышына эфирден экстремисттик маанайдагы материал кеткени себеп болгонун  билдирди. Жана айтымында, доо арызды Башкы прокуратура берген.

«Түз эфирден мурунку милиционер Абдылда Капаровдун сүйлөгөнүн көрсөткөнбүз. Анын сөздөрүн экстремисттик деп таанышып, өзүн болсо мындай материалдарды таратканы үчүн камап салышкан», — деген Кайыргүл Урумканова.

Белгилей кетсек, Абдылда Капаров ага-ини Жээнбековдорду июнь коогалаңынан кийин түштүктү калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн каражатты жеп алган деп айыптап чыккан. Асылбек Жээнбеков анын үстүнөн доо арыз жазып, 2017-жылдын июнунда Капаров 4 жылга кесилген. Ошол эле жылдын августунда «Сентябрь» телеканалы өчүрүлгөн.